Кыргызстанга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын сабаты жоюла баштады

Оогандын Памиринен көчүрүлүп келип, Кыргызстандын Алай районуна жайгаштырылган кыргыздардын сабатын ачуу максатында өкмөт аларды 3 класска бөлүп билим бере баштады. Алардын 7ден 17 жашка чейинкилер бир, 17ден 45 жаш курагындагылар өзүнчө, жана аялдар үчүн бир класс ачылган. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Нуркыз Кабырбек кызы “Ынтымакка” билдирди. Ал кошумалагандай, аларды окутуу үчүн эки мугалим бөлүнгөн.

“Сабатын ачуудан сырткары, аларды жергиликтүү элдин маданиятына көндүрүү үчүн кийим кийинүүдөн тартып, нан жабууга чейин үйрөтүлүүдө. Аялдарына да өзгөчө көңүл буруу башталды. Башкача айтканда, аларга өнөр үйрөтүлөт, бул жактагылар отту кандай жагышат, камырды кандай ачытат деген сыяктуу майда нерселерден бери үйрөтүлөт. Ар бир үйгө нан бышыруучу меш орнотуп берилген”,-деди Н.Кабырбек кызы

Буга чейин аларга жергиликтүү бийликтер интернетке туташкан 10 телевизорлор алып берген. Облустук казыят жууркан-төшөк менен камсыз кылса, Ноокат районунун атынан 100 миң сомдук жардам көрсөттү. “Эми мындан ары ар бир райондук администрациянын атынан да кезек-кезеги менен жардамдар бериле берет”,-дейт Н.Кадырбек кызы.

Ал памирлик кыргыздарга турак-жай салуу үчүн 1,2 гектар жер жана 17 млн сом бөлүнө турганы кабарланган. Үйлөр Алай районунун Талды-Суу айылында курула турганын аталган айылдык аймактын башчысы Даанышбек Кеңешов билдирген.

“Учурда үй куруучу компанияларга тендер жарыялаган. Компаниялар катталып жатышат. Ар бир үй 4 бөлмөлүү болуп, узундугу 11 метр жана туурасы 9,60 метрди түзөт. Буюрса 2020-жылдын апрель айынан баштап курулуш иштери башталат”,-деген Д.Кеңешов.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген.

2017-жылы Ооганстандан Нарынга да 50 памирлик кыргыз келип, жатаканаларга жайгаштырылган.

Алдыда дагы 30 үй-бүлөнү көчүрүп келүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген