Кыргызстанга Ирандын 40 ири компанияларынын өкүлдөрү келишет

Кыргызстанга Ирандын 40 ири компанияларынын ишкерлери келишет. Бул тууралуу Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иран менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы эркин соода зонасы жөнүндө туруктуу келишимди түзүүнүн алдында, ошондой эле Иранда болгон жолугушуулардын жыйынтыгында, 22-июлда Бишкекте Иран-Кыргызстан бизнес форуму өтөт.

“Форумга катышуу үчүн Ирандын айыл чарба, өнөр жай, курулуш материалдары, тоо-кен, фармацевтика, медициналык шаймандарды өндүрүү жана башкалар менен алектенген 40 ири компаниясынын өкүлдөрүнөн турган чоң делегация келет”, – деп айтылат маалыматта.

Ишкерлер кыргыз-иран кызматташтыгы, инвестицияларды тартуу, өз ара соода жүргүзүү үчүн товардык заттарды аныктоо, ошондой эле биргелешкен ишканаларды, атап айтканда, пластикалык хирургия жана ЭКУ клиникасы, жер семирткич чыгаруучу завод, фармацевтикалык компанияны түзүү маселелерин талкууга коюшат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.