Кыргызстанга инфекцияны 20 мүнөттө аныктоочу 5000 даана тест алынып келди

Кыргызстанда эртең, 23-марттан тарта коронавирустун бар же жок экендигин 20 мүнөттө аныктап берүүчү экспресс-тесттер колдонула баштайт. Бул тууралуу республикалык штабтан маалым болду.

Анда айтылгандай, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги инфекцияны тез аныктоочу  5000 экспресс-тест сатып алды.

Тесттер коронавируска каршы Каржы министрлиги тарабынан ачылган атайын эсептик каражатка алынып келинген.

“Экспресс-тесттин башка тестирлөө ыкмаларынан артыкчылыгы- жөнөкөйлүгүндө, баасынын арзандыгында жана тез жыйынтык бергендигинде. 20 мүнөттүн ичинде эле адамда вирустун бар же жок экендигин аныктап берет”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө колдонулуп, вирусту аныктоодо  жакшы жыйынтыктарды берген.

Штабтан кошумчалангандай, учурда дүйнөдө коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташаары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) тарабынан белгилүү болгон.

Америкада коронавируска каршы вакцина 45 ыктыярчыга сайылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген