Кыргызстанга Илон Масктын SpaceX компаниясынын өкүлдөрү келип кетишти

SpaceX тобу Кыргызстанга санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин чакыруусу менен келген. Компаниянын өкүлдөрүнүн иш сапары 25-26-июнда Starlink глобалдык кең тилкелүү долбоорунун алкагында болду. Бул тууралуу санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында, 25-июнда министр интернетке жогорку ылдамдыктагы кең тилкелүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн StarX Market Access компаниясынын улук менеджери Брайан Шепис менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, мүмкүн болгон кызматташтыктын негизги багыттары, келечеги жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүүнүн бир катар маселелери боюнча пикир алмашуу талкууланды. Ошондой эле, республиканын алыскы аймактарындагы жеткиликсиз жерлерде, социалдык объектилерде жана мектептерде, ошондой эле калктын аялуу катмарында жогорку ылдамдыктагы кең тилкелүү интернетке кирүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, инновациялык санарип долбоорлорун илгерилетүү максатында Кыргызстанда Starlinkтин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча процедуралык маселелер каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында SpaceX техникалык талаптардын тизмеси боюнча кошумча маалымат сурады жана дүйнөлүк Starlink долбоорунун алкагында мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Маалымдама:
Starlink программасы дүйнө жүзү боюнча интернет байланышын өркүндөтүүгө жана кеңейтүүгө багытталган. Долбоордун алкагында SpaceX глобалдык интернет тармагын түзүү үчүн 11 миңден ашуун спутник учурууну пландаштырууда.

Жайгаштырылган тармак дүйнөдөгү бүт калкын арзан жана тез спутник интернет менен камсыз кылат. Секундасына 1 Гб ылдамдыгы 5G стандарттарына жооп берет. Starlink программасына инвестиция 10 миллиард долларга бааланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.