Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 3 -августта UFCнин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу EFC 38 турниринин PR-кызматынан билдиришти.

Аны “Манас” эл аралык аэропортунда EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга анын командасына кирген Зубайра Тухугов жана Имар Нурмагомедов, Усман Нурмагомедов менен келген.

Хабиб Нурмагомедов бүгүн, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.

Иш-чара 19 беттешти камтыйт, анын эң башкысы Руслан Яманбаев (Орусия) менен Бусурманкул Абдибаит уулунун (Кыргызстан) беттеши болмокчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.