Кыргызстанга Финляндиядан туристтер чакырылды

Кыргызстандын туризм департаменти менен биргеликте
Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы Финляндиянын туроператорлоруна жана жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргызстандын ар кандай табигый аймактарынын укмуштуу, экологиялык, этномаданий жана тарыхый туризм потенциалын тааныштыруу максатында “Кыргызстан – Финляндия – 2021” туристтик роуд-шоусун уюштурду. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн пресс-релизде айтылат.

Билдирүүдө айтылгандай, иш чаранын максаты эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү жана чыңдоо, потенциалдуу жергиликтүү өнөктөштөрдү издөө, ошондой эле Кыргызстан менен Финляндиянын туристтик тармактарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүү болгон.

Элчи Кыргызстан финляндиялык саякатчылар үчүн уникалдуу туристтик борбор экендигин белгиледи.

“Тоолор жана аларга баруунун унутулгус тажрыйбасы финляндиялык туристтер үчүн абдан жагымдуу, анткени бизде Финляндияда мындай пейзаждар жок”,- дейт ал.

Kon-Tiki Tours Финляндиялык турист Суса-Маржу Хуотаринин айтымында, көптөгөн финдик туристтер тааныш эмес жаңы багыттарды издешет.

“Биз Кыргызстандагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, алардын маданияты, жаратылышы жана туристтик өнүмдөрү жөнүндө көбүрөөк билип алдык”, – деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.