Кыргызстанга электрондук тамеки үчүн гашиш майынын партиясын алып кирүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери Бишкекте электрондук тамекиде колдонууга арналган контрабандалык гашиш майынын партиясын аныкташты жана кармашты. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«15-сентябрда БМЖКККнын оперативдүү кызматкерлери борбордогу Северная темир жол бажысынын кызматкерлери менен бирге АКШдан посылка алып жаткан учурда, Чүй облусунун 31 жаштагы тургунун кармашкан. Кармалган жарандын жанын картон куту, ичинде белгисиз суюктук бар айнек бөтөлкөлөр, ошондой эле сары суюктук толтургуч менен Saucey деген жазуусу бар капсула түрүндөгү түтүктөр болгон », – деп айтылат билдирүүдө.

Экспертиза кармалган суюктук гашиш майы экенин көрсөттү. Биринчи Май райондук сотунун санкциясы менен шектүү СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. БМЖККК баңги аткезчилиги менен алектенгендерди издөө иштерин улантууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.