Кыргызстандын жаранын Казакстанда унаа коюп кетти

12-январда Астана-Караганда трассасыда жол четинде турган кыргызстандыкты унаа сүзүп кеткен. Оор жаракаттан улам ал ошол жерде көз жумган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Каза болгон адам Ош облусунун Кара-Суу районунун 45 жаштагы тургуну эле. Кырсык болгон күнү маркум Казакстан аркылуу Орусияга бара жаткандыгы аныкталды.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жеткирүү аракетин көрүүдө.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar