Кыргызстандын жараны “Colors of Voices” ыр сынагына катышты

Кыргызстандык Болот Нурлан уулу Америка Кошмо Штаттарынын “Colors of Voices” ыр сынагына катышты. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында кабарланды.

Мекендеш Мирбек Атабековдун “Мурас” чыгармасын аткарды. Болот Нурлан уулуна добуш берүү үчүн, фестивалдын сайтына кирип, ага беш жылдыз коюп, добуш берсе болот.

Эл аралык маданият жана тил фестивалы – бул дүйнө жүзү боюнча жыл сайын өткөрүлүп турган, таланттарды чагылдырган ар түрдүүлүктүн майрамы. Сынак биринчи жолу 2003-жылы башталган. Бүгүнкү күндө ага 160тан ашуун мамлекеттен 2000 аткаруучу жана продюсерлер катышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.