Венгрияда Кыргызстандын элчилиги түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилигин түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда билдирилгендей, элчилик Будапешт шаарында жайгашат.

Министрлер кабинетине КРнын Венгриядагы элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыздоо маселелерин чечүү тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.