Кыргызстандын ун өндүрүү тармагы каатчылыка кабылды

Кыргызстанда ун өндүргөн 20 комбинат ишин токтотту. Калгандарында жумуш болгон менен ундар сатылбай, кампада сакталып турат. Парламент депутаттары маселени сырттан келген буудайга нарк салыгын көтөрүү менен чечүүнү сунуштады. 

Атамекендик ун өндүрүүчүлөрдүн иши өлкө Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан бери солгундаган. Анткени Кыргызстан унду кошуна Казакстандан импорттой баштады.  Ал эми кыргыз ишкерлери Казакстандан буудай сатып келип, ун өндүргөндүктөн, казак унуна салыштырмалуу кымбат болуп, өлкө ичинде жасалган продукция өтүмдүүлүгүн жоготкон.

Бишкек шаарындагы ун комбинатынын бириндеги тегирменде суткасына 500 тоннага чейин буудай иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок комбинат акыркы  эки айда 10 күн гана иштеп, жабылууга аргасыз болду. Жумушчулар  маянанын жоктугунан эмгек өргүүгө чыгарылды. Кырдаалды комбинаттын өндүрүш боюнча директору Кыялбек Досматов Казакстандан келген ундун көлөмү көбөйгөнү менен түшүндүрөт.

“Түштүк тарапка унду кетире албай калдык. Себеби  Талас облусунун чек арасы аркылуу аткезчилик жол менен ун киргизилип жатат. Алар салык төлөбөйт, ошондуктан 20 сомдук унду 2 сом деп көрсөтүшү мүмкүн”, – дейт Бишкек шаарындагы  ун комбинатынын өндүрүш боюнча директору Кыялбек Досматов.

Ун өндүрүүчүлөрдүн маселесин ЖК депутаттары талкууга алышты. Эл өкүлдөрү эгер өкмөт дан азыктарынын экспорт-импортун көзөмөлгө албаса, өлкө аймагындагы өндүрүшчүлөр банкрот болушат деген пикирлерин айтышты.

Айрым депутаттар сырттан келген буудайга нарк салыгын кайрадан киргизүү демилгесин көтөрүштү. Буга чейин буудай менен унга болгон  салык алынып салынып, жыйынтыгында мамлекеттик бюджет 600 миллион сомдун тегерегинде жоготууга учураган.

“Менин максатым – кошумчаланган нарк салыгын (КНС) кайра күчүндө калтырыш керек. Ошондон бюджетке каражат түшүшү керек. Анан сырттан келген буудайдын баасы да бизге кичине кымбатыраак келүүсү абзел. Анткени  биз өзүбүздүн буудай эккендерди ойлошубуз керек”, – дейт ЖК депутаты Кенжебек Бокоев.

Сырттан келген буудайга нарк салыгы көтөрүлсө, Оштогу ун өндүрүүчүлөр ишин токтотууга аргасыз болушу мүмкүн.  Бул тууралуу Ош шаарындагы ун заводдун өкүлдөрү маалымат  жыйында билдиришти. Себеби алар сырттан  буудай импорттоп, ун өндүрүшөт.  Азыр Ошто 50 килограм ун 1000 сомдон сатылса, кошумча нарк салыгы киргизилгенде баа 1200сомго чейин жетет. Ал эми Казакстандан чыгарылган  ундун баасы 900 сомдон ашпайт. Мындан улам шаарда жайгашкан 6 заводдун адистери кошумча нарк салыгын киргизүү маселесин эл өкүлдөрү дыккат карап чыкса деген сунуштарын айтышты.

“Завод чыгымга учураса, тажрыйбалуу адистерибизди жоготобуз. Алар барып, башка өлкөлөрдөгү тегирмендере ишке кире алат. Кыргызстанда мындай тажрыйбалуу тегирменчилерди кайра тарбиялоо кыйын. Ошондуктан депутаттар Казакстандын унун өткөрүүнү ойлобой, атамекендик өндүрүшчүлөрдү ойлошсо болот эле”,  – дейт“Саламат” ун заводунун өкүлү Фатхулло Ханипов.

Демилгечи депутат  Кенжебек Бокоедин айтымында, долбоордун ишке ашышына бул тармакта ишкерлик кылган айрым депутаттар да каршы. Анткени өлкөдө ун өндүрүү токтоп калса, сырттан келген дан азыгынын баасы көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошондуктан атамекендик дыйкандар буудайдын аянтын кыскартып, ордун экспорттоп киреше тапкан өсүмдүктөр менен алмаштуруусу бүгүнкү шартка ылайык экенин серепчиер да белгилейт.

“Бизде буудайдын ордун бадыраң, помидор сыяктуу жашылча-жемиштерге алмаштырса пайдалуурак. Ал эми буудай башка өлкөдөн бизге арзан келип жатса, аны импорттогонубуз эле оң. Эгер Казакстан буудайды кымбаттатса, биз айыл-чарбанын бул тармагын өнүктүрүшүбүз керек эле”, – деди экономист Жумакадыр Акинеев.

Өкмөт дан азыктарынын экспорт-импортун көзөмөлгө албаса, өлкө аймагындагы өндүрүшчүлөр банкрот болоорун адистер эскертишүдө. Бул үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөн товарларды ооздуктоо да зарыл. Мисалы, импорттолгон буудайга кошумча 12%дык нарк салыгы салынса, өлкөдөгү ун өндүрүшү токтоп, беш миңге чукул жаран жумушсуз калышы да күтүлүүдө.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz