Кыргызстандын оор атлетчилери Ташкентте өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиондугуна катышууда

Кыргызстандык спортчулар Өзбекстандын борборунда өтүп жаткан оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышууда. Бул тууралуу Өзбек өлкөсүнүн туризм жана спорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өспүрүмдөр арасындагы чемпионатта Кыргызстандын атынан Элзар Таиров (61 кг чейин) жана Ишимбек Муратбек уулу (67 кг чейин) катышууда.

Ташкенттеги дүйнөлүк кубокко 53 мамлекеттен 244 спортчу катышууда. Бул Токио Олимпиадасына жолдомо берүүчү иш-чара болуп саналат.

Сынак ушул жылдын 31-майына чейин уланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.