Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси кызматынан бошотулду

Мирослав Ниязов Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси кызматынан бошотулду.

Садыр Жапаров буйрукка кол койду, ага ылайык Ниязов Мирослав Жумабекович КРнын Ооганстан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мирослав Ниязов берилген арыз боюнча кеткени такталды.

Белгилей кетсек, Мирослав Ниязов Жумабекович 1951-жылынын 8-сентябрында Чүй облусундагы Москва районунун Ак-Суу айылында туулган. Улуту Кыргыз.

Ал буга чейин, 2014- 2018-жылдар аралыкта КРнын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кызматын аркалап келген. 2019-жылы Мирослав Ниязов Кыргызстандын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп, дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.