Кыргызстандын курама командасы Кант шаарында жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кант шаарында жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жолугушуу 28 -августта Борбордук стадиондо болуп, саат 10: 30да башталат.

Кыргыз командасынын атаандашы жергиликтүү “Абдыш-Ата” клубу болмокчу.

Кыргызстандын курама тобу 2 жана 7 -сентябрда Бишкекте өтө турган Палестина жана Бангладеш курама командалары менен жолдоштук беттештерде машыгуусун улантууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.