Кыргызстандын курама командасы “Үч улуттун кубогунун” жеңүүчүсү болду

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы “Үч улуттун кубогу” достук мелдешинде Бангладеш командасын жеңди.

Беттеш 4: 1 эсебинде кыргыз командасынын пайдасына аяктады. Кыргызстандыктардын голдорун Элдар Молдожунусов (9 -мүнөттө), Алимардон Шүкүров (39), Турсунали Рустамов (46), Бахтияр Дүйшөбеков (89) киргизди.

Белгилей кетсек, турнирге Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш курама командалары катышкан. Бардык оюндар Бишкектеги Д.Өмүрзаков стадионунда өттү.

Кыргызстандыктар биринчи беттеште Палестина командасын 1: 0 эсебинде утуп алышты. Палестина курама командасы Бангладешти 2-0 эсебинде жеңди.

Ошентип, Кыргызстандын курама командасы эки жеңишке жетип, “Үч улуттун кубогунун” ээси болду.

Турнир Кыргыз курама командасынын 2023 -жылдагы Азия Кубогунун тандоо туруна даярдыгынын алкагында өттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.