Кыргызстандын калкы жылына 2 пайызга өсүүдө

Кыргызстандын калкы жыл сайын орто эсеп менен 2 пайызга өсүп жатат, мындай маалыматты бүткүл дүйнөлүк калк күнүнө карата Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Адистердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан калктын өсүшүнүн жогорку темптери менен мүнөздөлүп келген (жылына 2-2,1 пайыз), бирок 2020-жылы калктын өсүү темпи 1,7 пайызды түздү.

Калктын өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Ош шаарында (3,1 пайыз), Баткен облусунда (2 пайыз) жана Бишкек шаарында (1,9 пайыз) белгиленди, төмөн – Ысык-Көлдө (1,2 пайыз) жана Нарында (0,9 пайыз).

2020-жылы калктын табигый өсүш арымынын төмөндөшүнө, COVID-19 менен байланышкан калктын өлүмүнүн көбөйүшү, ошондой эле төрөттүн төмөндөшү таасир эткен.

Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясы жана өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу, өлкөнүн айрым аймактарында, 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейин, туулгандыгы, каза болгондугу, никеге турганы жана ажырашкандыгы жөнүндө жарандык абалдын актыларын каттоо жүргүзүлгөн эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.