Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Палестина менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы узак тыныгуудан кийин Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда ойнойт. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, күзүндө, Азия кубогу-2023тин тандоо этабына даярдык көрүү үчүн улуттук курама бир катар жолдоштук беттештерди өткөрөт.

Биринчи талапкер Палестина курама командасы болмокчу. Беттеш 2 -сентябрда өтөт.

“Матчтын бардык деталдары, билеттердин сатылышы жана күйөрмандардын стадионго кириши тууралуу жакын арада белгилүү болот”, – деп белгилешти мекемеден.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы акыркы жолу бул аренада 2019 -жылдын аягында 2022 -жылдагы дүйнө чемпиондугунун тандоо этабынын алкагында ойногон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.