Кыргызстандын футбол боюнча кубогуна оштук “Алай” ээ болду

“Алай” клубу Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун ээси болду. Бул тууралуу Кыргызстан футболдук бирикмесинен маалымдалды.

Финалда Оштун “Алайы” Канттын “Абдыш-Атасын” 1:0 эсебинде утту. Эсепке жалгыз голду 36-мүнөттө Келвин Инкум киргизди.

Кыргызстан кубогунун эки жолку ээси “Алай” оюнун жыйынтыгында 200 миң сом алып, Азия футбол конфедерациясынын кубогуна катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген