Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү чоң масштабда белгиленет

Мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы чоң масштабда өтөт. Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, майрамдык планда Бишкек шаарында жана аймактарда жүздөн ашуун иш-чаралар өткөрүлөт.

Атап айтканда, театрлаштырылган оюн-зооктор, ири көргөзмөлөр жана ат оюндары боюнча мелдештер уюштурулат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов республикада эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен иш-чаралардын планын иштеп чыгып, уюштуруу комитетинин талкуусуна коюуну тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.