Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркиянын Анкара шаарындагы эң ири имараттар Кыргыз желегинин түсүнө боёлду

Кечээ, 31-август күнү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкаранын борборундагы Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин эң бийик эки эгиз имараты Кыргыз мамлекетинин желегинин түсүнө боёлду. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргызстандын элчилигинен билдиришти.

Бул акция “TOBB” тарабынан Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашты.

Ошондой эле, ошол эле күнү, Түркиянын борбор шаарынын Кечиөрен аймагында Айкөл Манастын эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү.

Эстелик элчиликтин демилгеси менен, тагыраак айтканда Кубанычбек Өмүралиевдин колдоосу менен тургузулду. Аталган эстелик Түркияда иштеп, жашап жаткан мекендештердин колдоосу менен жасалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.