Кыргызстандын эң көп айлык алган шаарлар аталды

“HeadHunter Kyrgyzstan” компаниясы, headhunter.kg сайтынын 2021 -жылдагы маалыматын анализдеп, эң көп маяна алган шаарларды аныктады.

Изилдөөгө Кыргызстандын 11 чоң шаары катышкан. Рейтингде Бишкек биринчи орунду алды: анда, жөнөкөй жаран орточо эсеп менене 61 258 сом табат. Андан ары Ош жана Жалал-Абад – 50 миң сомго жакын эмгек акысы, андан соң Нарын жана Балыкчы шаарлары бар – 40 миңге жакын маяна.

Иш берүүчүлөр Кыргызстандагы эң жогорку айлыкты Бишкек, Нарын, Ош, Каракол жана Таласта төлөөгө даяр болушкан.

Рейтинг “HeadHunter Кыргызстан” тарабынан HeadHunter сайтында жарыяланган жумуш берүүчүлөрдүн бош орундары жана жумуш издөөчүлөрдүн резюмелеринин анализинин негизинде даярдалган.

HeadHunter – бул орто жана жогорку менеджерлерге багытталган профессионалдуу жумуш жана кадр издөө сайты. Сайтта жайгаштырылган бардык маалымат модерацияланган.

2021 -жылдын августуна карата “HeadHunter Kyrgyzstan” маалымат базасында 100 миңден ашык резюме жана 700дөн ашык бош орун бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.