Кыргызстандын делегациясы Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган Кыргызстандын делегациясы, 23 -сентябрда, Кабулга Кыргызстан элинин атынан Ооганстан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, гуманитардык жардам расмий түрдө Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн биринчи вице -премьер -министри молдо Абдул Гани Барадарга тапшырылды.

Жолугушууда Таалатбек Масадыков молдо Абдул Гани Барадар менен кеңири баарлашты, анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий абалды талкуулашты жана өлкөдөгү жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Молдо Абдул Гани Барадар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана өлкөнүн элине, ооган калкына көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Ооганстандын муктаждыктарын баса белгиледи, анткени эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе элек жана Ооганстандын финансылык эсептери дагы эле тоңдурулган.

Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу мамлекеттер менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеп, талиптер үчүн өлкөдө тынчтык орнотуу жана калкынын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.