Кыргызстандын делегациясы Москвадан Бишкекке кайтты

Кыргызстандын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке кайтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Учаардын астында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Буга чейин маалымдалгандай, Москва шаарына келгенден кийин делегациянын бардык мүчөлөрү кайрадан тест тапшырышкан. Тапшырган тесттердин жыйынтыгында делегация курамындагы коштоп барган адамдардын экөөнүн анализи оң деп чыккан.

Бишкекке келгенден кийин анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга кетишет.

Жээнбеков Москвадагы парадга катышкан жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген