Кыргызстандын 10 айылында суу тазалоочу үйлөр орнотулууда

Кыргызстандын 10 айылында суу тазалоочу үйлөр орнотула баштады. Бул тууралуу мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан жана Кытай илимдер академиясы тарабынан каржыланган “Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында КРнын суу ресурстарынын сапатынын географиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө” долбоорунун алкагында, мамкурулуш Борбордук Азиянын экология жана айлана -чөйрөнү изилдөө илимий борбору менен биргеликте гранттын негизинде ичүүчү сууну тазалоо жана берүү системалары үчүн орнотуу иштери жүрүп жатат.

Кол коюлган кызматташуу меморандумунун негизинде, бул жабдууларды республиканын 10 айылына орнотуу каралууда, алар бүгүнкү күндө 5 айылда, Бишкектин Бугу-Эне-Багыш конушунда, Нарындын Сары-Ой айылында жана ошондой эле, Ош облусунун Боксо-Жол айылы, Чүй районунун Нижне-Серафимовка айылы жана Талас районунун Түйтө айылында орнотулган.

Учурда калган 5 айылга суу тазалоочу орнотуу үчүн суу жабдыктар Кытайдан ташылып жатат.

Белгилей кетсек, жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйүн чечүү үчүн, бул долбоордун алкагында, 2018 -жылдын август айында, мамлекеттик курулуш комитетинин алдындагы ичүүчү суу менен жабдууну жана санитарияны өнүктүрүү департаменти менен бирге, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Достук айылында суу тазалоочу үй орнотулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.