Кыргызстандыктарга телефон шылуундарынан сактануу боюнча кеңештер берилди

Карылар, ишенчээк жарандар жана өспүрүмдөр көбүнчө алдамчылардын курмандыгы болушат. Буга байланыштуу ИИМден телефондогу алдамчылыктан кантип сактануу керектиги боюнча кеңештер айтылды.

  • Бардык туугандарыңыздын, досторуңуздун жана тааныштарыңыздын телефон номерлерин телефон байланыштарыңызга белгилеңиз.
  • Белгисиз номерлерден SMS билдирүүлөрүнө жооп бербеңиз.
  • Белгисиз номерлерден келген чалууларга сергек болуңуз.
  • ПИН-кодду жана банк картасынын номерин талап кылууга эч кимдин укугу жок экендигин билип алыңыз.
  • Тарифтердеги, акциялардагы, лотереялардагы өзгөрүүлөрдү тактоо үчүн ар дайым уюлдук операторуңузга кайра чалыңыз.
  • Эгер чалган адам чындыгында сиздин досуңуз же тууганыңыз экенине күмөн санасаңыз, анын уюлдук телефонуна кайра чалууга аракет кылыңыз. Эгер телефон өчүрүлсө, анда анын кесиптештери, достору же туугандары менен байланышып, маалыматты тактоого аракет кылыңыз.
  • Утуштарды каттоо эч качан телефон же интернет аркылуу болбойт. Эгерде сизден иш-чараны уюштуруучунун кеңсесине документтери менен келүү суралбаса, анда бул көз боемочулук.
  • Эгерде сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз, дароо милицияга 102 телефону менен байланышыңыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.