Кыргызстандыктардын өмүрүн алган беш оору

7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү. Адамдын саламаттыгы башка өлкөлөрдөгүдөй эле, Кыргызстанда да эң негизги көйгөйлөрдүн бири. Бул күндү утурлай “Ынтымак” өлүмгө алып келген оорулардын үлүшүн тизмектеди.

Кыргызстанда өлүмгө алып келген илдеттердин башында жүрөк-кан тамыр жана шишик оорулары турат. Күн сайын өлкөдө 50 адам жүрөк-кан тамыр ооруларынан, 10 адам шишиктен каза болот.

 

Жүрөк – кан тамыр оорусу “жашарып” баратканын адистер белгилешет. Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов аталган илдет жыл сайын көбөйүп баратканын айтат. Мурда адамдар оору өтүшүп кеткиче жүрө берсе, азыркылар дарыгерге убагында кайрыла баштады дейт ал.

“Көбү кабинеттерде иштеп, жеген тамак менен энергияны сарптоо пропорциясы бузулуп жатат. Мындан улам жүрөк оорулары менен кант оорусу көбөйүүдө. Азыр жаштардын кальян, насвай, чылым чегип жүргөндөрүн көргөндө таң калам. Биз бала кезде аксакалдар чекчү. Кийин совет доорунда такыр бөгөт коюлуп, адамдар сергек жашоонун нугуна түшкөн”, — деди кардиолог. 

 

Кыргызстанда акыркы 5 жылда 175 миң адам каза болгон. Орто эсеп менен ар жылы  30-35 миңдей адам көз жумат.

Башкы сүрөт: Заноза

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген