Кыргызстандыктарды согушка жалдаган чет өлкөлүк жаран кармалды

УКМКнын кызматкерлери кыргызстандыктарды террорчулар тарабында согуштук аракеттерге тарткан чет элдик жаранды кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Чет элдин жараны Кыргызстанда жашырынып жүргөн жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун активдүү кызматкери болуп саналат.

Эл аралык терроризмдин чет өлкөлүк борборлорун координациялоо менен бирге, ал калктын диний бөлүгүнүн арасынан жалданма адамдарды тартууга активдүү катышып, аларды мындан ары куралдуу чыр -чатак зонасына жеткирүү максатын көздөгөн.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн ыкчам издөө иш -чаралары улантылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.