Кыргызстандыктар үчүн орган алмаштыруу операциялары жеткиликтүү болот

Орган алмаштыруу операциялары кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болуп калат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ММКларга билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк достугунун ооруканасында трансплантацияга даярдык иштери башталды.

“Буга чейин бейтаптар Түркияга, Орусияга жана башка өлкөлөргө барчу. Жакында бөйрөк жана боор трансплантациясын жасай баштайбыз. Бул үчүн атайын оорукана түзүлдү. Ал жаңы эле иштеп баштагандыктан, операциялардын саны акырындык менен көбөйөт. Эң негизгиси – керектүү анализдерди жүргүзүүчү лабораториянын ачылышы болду ”, – деди министр.

” Орган трансплантациясынын баасы чет өлкөдөн бир нече эсе арзан болот. Менимче, бейтаптын абалына жараша 3 миң доллардан 10 миң долларга чейин. Чет өлкөдө 25-30 миң долларга чейин турат. Баалар тизмесин монополияга каршы орган бекитет “, – деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы бейтаптарды 26-августтан тарта кабыл ала баштаган. Түркиядан 30 дарыгер жана техниктер учуп келген.

Ооруканада жогорку технологиялуу операциялар жүргүзүлөт; алгачкы этапта жүрөк, кан тамыр, көкүрөк оорулары менен ооругандар кабыл алынып дарыланышат.

Дарылоо процесси мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча жүргүзүлөт. Чет өлкөдөн келген жарандар өзүнчө прейскуранттагы акы төлөнүүчү медициналык кызматтардан пайдалана алышат.

Оорукана толук кандуу ишке даяр болгондо, эки өлкөнүн башчыларынын катышуусу менен расмий ачылышы болуп өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.