Кыргызстандыктар Баткен эли үчүн 60 куту дары-дармек чогултушту

Жарандар баткендиктер үчүн 60 куту дары-дармек жана таңуу материалдарын чогултушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, “Жардам берүү штабына” келген дары-дармектерди медициналык шаймандар департаментинин кызматкерлери бөлүп алышкан.

Чек арадагы болгон окуядан соң  медициналык жардамга 178 кыргызстандык кайрылган, 34 адам каза болгон. Жаңжал чыккан аймактан 33 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Тажик тарап бейрасмий түрдө 150дөн ашуун жаракат алып, 10го жакын адам өлгөнүн кабарлаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын чек ара айылдарында 78 үй, эки мектеп, фельдшердик акушердик пункт, бала бакча, милиция бөлүмү, үч өткөрүү пункту, он май куюучу жай жана сегиз дүкөн талкаланды. Чек ара заставалары дагы бузулган. Тажик тараптын айтымында, чек арадагы Ходжа Ало айылында 10дон ашуун үй өрттөнүп, талкаланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал фактысы боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Дүйнөгө каршы кылмыш” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.