Кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдүн дээрлик 150 чакырымын сүзүп өттү

Кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү бойлой сүзүүнү чечип, дүйнөлүк рекордду койгону турат, финишке мүмкүн болушунча жакындап калды. Спортчу 30 чакырымды сүзүп өтүшү керек. 150 чакырым аралыктагы сүзүү артта калды. Бул тууралуу аны коштоп жүргөн команда соц. тармактардан билдирди.

“Бүгүн 7.30да Владислав сууда сүзүүнү улантты. Азыр ал Кош-Көл айылынын жээк сызыгынан өтүп баратат. Чоткал менен Тамчы артта калды. Аба ырайы жакшы. Спортчу чечкиндүү түрдө алдыга карай сүзүүдө. Болжолдор боюнча, ал марага эртең түшкү убакытта келиши керек. Бирок бул көптөгөн факторлордон көз каранды”, – деп жазылган билдирүүдө.

Эске сала кетсек, реккордук сүзүүнү Владислав Шулико 22 -августта 7.30да Каракол шаарынан баштаган. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери эң көп дегенде беш күндө Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, Балыкчыда бүтүрүүнү пландап жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 22-августтан 27-августка чейин “Ысык-Көлдө сүзүү 181” долбоорунун алкагында, жаңы дүйнөлүк рекорд коюуга ниеттенген кыргызстандык сүзгүчтү коштоо үчүн эки моторлуу кайыкта беш суучул тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.