Кыргызстандык спортчу Токиодо өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына лицензияны утуп алды

Арстанбек Базаркулов 24-августтан 5-сентябрга чейин Жапон өлкөсүнүн Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиада оюндарында пара-жеңил атлетика боюнча биринчи лицензияны жеңип алды. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда  маалым болгондой, лицензиялык үч турнирдеги оюндардын жыйынтыгында Арстанбек Базаркулов паралимпиадалык нормативди аткарып, паралимпиадалык оюндарга жолдомо утуп алды.

Ал, буга чейин Дубайда (БАЭ) бешинчи орунду ээлесе, Тунистеги турнирде төртүнчү, Нотвиллде үчүнчү орунду ээлеген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.