Кыргызстандык режиссёрлор Батумидеги “Шериктештик” кино мектебине катышат

Эки жаш кыргыз режиссер Батумидеги “Шериктештик” эл аралык кино мектебине катышат. Бул тууралуу форумдун социалдык тармагында маалымдалды.

Анда айтылгандай, 26-майдан 2-июнга чейин Батуми шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен уюштурулган КМШнын жаш кинорежиссёрлорунун эл аралык “Содружество” (Шериктештик) кино мектебинин бешинчи сезону өтөт.

Анын алкагында мурунку совет доорундагы өлкөлөрдүн кыска метраждуу тасмаларынын сынагы, андан тышкары көрсөтүүлөр, тасмаларды талкуулоо, мастер-класстар жана эл аралык кино кызматташтык көйгөйлөрү боюнча тегерек стол өткөрүлөт.

Кыргызстандан катышуучулар – Чыңгыз Сулумбеков “Күн карама” тасмасы менен жана Байзак Маматалиев “Кайыкта” тасмасы менен.
2021-жылы бул программага 14 мамлекеттен 31 тасма кирген.

Фестивалда эл аралык калыстар тобу иштешет: Николай Лавренюк (Беларуссия), Дмитрий Савельев (Орусия), Ержан Жумабеков (Казакстан) жана Инна Безирганова (Грузия).

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.