Кыргызстандык окуучу АКШда өткөн генийлер олимпиадасында баш байгени алды

Бишкек шаарындагы «Сейтек» мектебинин 6-классынын окуучусу Кубаныч Турдубаев АКШда өткөн генийлердин олимпиадасында (GENIUS-2018) баш байгени жеңди. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына аталган мектептин мугалими Аида Эшалиева маалымдаган. Олимпиаданын жыйынтыгы 16-июнда белгилүү болду.

Аталган мектептин 12 окуучусун АКШга алып барып келген мугалимдин айтымында. К.Турдубаев «Кыскаметраждуу фильм» категориясында «Үндү эсте жана иштеп чык» («Вспомни звук и переработай») аталышындагы долбоорун жактады.

Олимпиадада  бизнес, кыскаметраждуу фильм, робототехника, илим, көркөм өнөр искусствосу, музыка, адабият катергориялары боюнча сынак болгон.

Жалпысынан «Сейтек» мектебинин окуучулары 2 күмүш, 2 коло медалдарды жана 2 кызыктыруучу сыйлыктарды алышкан.

Олимпиаданын сайтында маалымдалгандай, Кыргызстандын ар кайсы мектептеринен жалпы 167 окуучу катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген