Кыргызстандык мигранттар эми ЕАЭБ мамлекеттеринде пенсия ала алышат

Кыргызстандык мигранттар эми Евразиялык Экономикалык Биримдик (ЕАЭБ) мамлекеттеринде пенсия ала алат. Бирикменин курамына кирген өлкөлөрдө эмгектенгендердин пенсиялык камсыздоосу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.

Ага ылайык, эгер кыргызстандык ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн биринде мыйзам чегинде иштеп, бардык камсыздоо төлөмдөрүн өз убагында төлөп жүрсө, анда пенсия курагына жеткенде Кыргызстандыкындай эле шарттар менен ошол өлкөдө дагы пенсияга чыгат.

Эске салсак, ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан макулдашуу 2019-жылы жетишилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.