Кыргызстандык кинорежиссёрлор Ташкенттеги “Жибек жолунун бермети” эл аралык кинофестивалына катышышат

Кыргызстандын кинорежиссерлору Ташкенттеги “Жибек жолунун бермети” эл аралык кинофестивалына катышышат. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен билдиришти.

Анда маалымдалгандай кинофестивалдын алкагында “Кыргызстандын кино күндөрү”, ошондой эле жаш кинорежиссёрлор үчүн “5 күндөгү кино” сынагы өтөт.

Сынакка, Азербайжан, Армения, Беларусь, Болгария, Германия, Индия, Иран, Испания, Казакстан, Кения, Кыргызстан, Марокко, Мексика, Россия, Тажикстан, Украина, Филиппин, Франция, Швейцария, Эстония, Түштүк Корея жана Япониядан катышуучулар келишет.

Ташкент эл аралык кинофестивалы – “Азия, Африка жана Латын Америка эл аралык кинофестивалы”, “Жибек жолунун бермети” деген аталышта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен кайра жанданды. Өзбек мамлекет башчысы иш -чараны ушул жылдын 19 -июнунда өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Ташкент эл аралык “Жибек жолунун бермети” кинофестивалы 28 -сентябрдан 3 -октябрга чейин Өзбекстандын бир нече шаарларында. “Тынчтык, агартуу жана прогресс үчүн!” урааны астында өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.