
Сауд Арабиянын Медина шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун каарыларды сыноо боюнча дүйнөлүк Куран конкурсу өтүүдө. Ага КМШ мамлекеттеринин атынан Арашан айылындагы Абдулла ибн Аббас Куран жаттоо медресесинин мүдүрү Асылбек каары Таштемиров калыстык кылууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Бүткүл дүйнөлүк Куран жарышка Сауд Араб Падышачылыгынан илимдин эки доктору, Ирактан, Ливиядан келишкен белгилүү каарылар калыстык кылышууда.
” Медина шаарындагы дүйнөлүк Куран конкурсуна 116 мамлекеттен каарылар чакырылган. Жарышка Дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн келген каарылар эки күндөн бери калыстардын элегинен өтүштү. Бүгүн жарым финал жана финалдык таймаш жүрүүдө”,- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Арашан айылындагы Абдулла ибн Аббас Куран жаттоо медресесинин мүдүрү Асылбек каары Таштемиров ушул жылдын май айында Россиянын Саратов шаарында өткөн Евразиялык Куран конкурсуна да калыстык кылган болчу.
- 09.10.2018