Кыргызстандык хоккейчилер Исландия курамасынан утулду

Хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы 2022-олимпиада оюндарына тандоо турунда Исландия курамасынан жеңилди.  Олимпиадага тандоо этабынын 2-баскычы азыр Румыниянын Брашов шаарында өтүп жатат. 

12-декабрда 1-турду Исландия менен Кыргызстан курамалары ачып берип, 9:4 эсебинде Исландия жеңишке жетти. Беттештин 1-бөлүмүндө Исландия жоопсуз 2 гол киргизсе, 2-таймда Кыргызстандык хоккейчилер тең каршылык көрсөтүп 2:2 ойноду. Бирок, 3-бөлүмдө Кыргызстан 2 гол киргизип, 5 гол өткөрүп жиберди.

Кечээ болгон экинчи оюнда Румыния,  Израиль курамасын ири 15:0 эсебинен утуп алды.

Бүгүн 2-турда, Кыргызстан үй ээлери Румыния менен беттешсе, Исландия Израиль менен ойнойт.

Эгер Кыргызстан бүгүн утулса, кийини турга чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготот.

Белгилей кетсек, кийини этапка упайы көп бир өлкө гана жолдомо алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген