Кыргызстандык футболдук клубдар АФК Кубогунун тайпалык баскычын башташты

Кыргызстандык клубдардын катышуусунда Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тайпалык баскычы 14-майда башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, “Е” тайпасында өлкөнүн чемпиону “Дордой”, “F” тайпасында Кыргызстандын Кубогунун ээси “Алай” ойнойт.

Топко “Дордойдон” тышкары, Түркмөнстандын вице-чемпиону “Ахал” жана Тажикстандын Кубогунун ээси “Равшан” кирет

“Е” тайпасынын беттештери Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу баардык беттештер көрүүчүлөрсүз болот.

“Алай” “Насаф” (Өзбекстан), “Худжанд” (Тажикстан) жана Түркмөнстандын “Алтын Асыр” командасы менен беттешет. “F” тобунун беттештери Дүйшөмбү шаарында өтөт.

Топтун жеңүүчүлөрү эки беттештен турган зоналык финалда ойношот.

АФК Кубогу – Азиядагы экинчи клубдук турнир.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.