Кыргызстандык футболчулар Азия чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү менен бешттешет

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Япониянын “Касима Антлерс” клубу менен жолдошдук беттеш өткөрөт.  Эки команданын оюну 17-ноябрь күнү Япониянын Кашима шаарында болот.

“Касима Антлерс” клубу ушул жылы Азия чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон. Алар  финалда  Ирандын “Персиполис” командасын эки оюндун жыйынтыгында утуп алган.

Азыр, башкы машыктыруучу Александр Крестинин жетектегин курама команда  Японияда 2019-жылы өтүүчү Азия кубогуна даярданууда. Ак шумкарлар 18-ноябрда Тойота шаарына учуп барып, 20-ноябрда Япониянын курама командасы менен беттешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген