Балбай Дордоков дүйнө биринчилигинде коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Балбай Дордоков грек-рим күрөшү боюнча Румынияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду алды. Ал 55 кг салмак категорияда кармашып, мелдештерин 8/1 финалынан баштады. 

Балбай алгач ирандык  спортчуну 4:0 эсебинде утса, экинчи кармашында венгриялык Бенсе Ковацди 9:1 ге жеңди. Ал эми жарым финалда чоңдор арасында дүйнө биринчилигинде 3-орунду алган грузиялык Нугзари Цурцумияга кез келип 2:1 эсебинде утулду.

Кечээ 13-ноябрда коло медаль үчүн болгон кармашта армениялык спортчуну 7:3 эсебинде утуп, өлкөбүзгө алгачкы медальды тартуулады.

Белгилей кетсек, 23 жашка чейинки балбандар арасындагы экинчи  дүйнөлүк чемпионат Румыния борбору Бухарестте өтүүдө.  Ага өлкөбүздөн жалпы 13 спортчу барган.  Алардын сегизи грек-рим күрөшү боюнча 15-ноябрга чейин күч сынашса,  беш балбан 16-ноябрдан баштап  эркин күрөштө мелдешишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген