Кыргызстандык альпинист Эверестти багындырды

Кыргызстандык Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырды.  Бул тууралуу альпинисттин машыктыруучусу Александр Абрамов өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады. Эске салсак, буга чейин Эдуард Кубатов соц. тармактагы баракчасында Эверестке даярдануу процесси 2014-жылы башталганын айтып, багындыруу процесси башталганы тууралуу жазып чыккан.

Айта кетсек, жердин эң бийик чокусу – Эверест, деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте, Гималайда жайгашкан. Непалдын бийлиги жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан келген альпинисттерге 300гө жакын уруксат берет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.