Кыргызстандык айдоочулар үчүн жаңы беш эреже

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга койду – ал жол эрежелерин бузгандарга жазаны катаалдатууну карайт. Өзгөртүүлөрдүү коомдук талкуулоо бир айга уланат.  “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” документке кандай өзгөртүүлөр сунушталып жатканын карап чыкты.

Жол эрежелерин бузгандарга айып пул жогорулайт

Өзгөртүүлөр кабыл алынса, азыркы айып пулдардын баары болжол менен бир жарым эсеге көтөрүлөт.

Ылдамдыкты 10 км/саатка ашыра айдоого айып пулду 500 сомдон (7$) 700 сомго (10$); 20км/саат – 1000ден (14$) 1500 сомго (22$); 40 км/саат — 2000ден (29$) 3000 сомго(44$) көтөрүү каралууда.

Эгер айдоочулар 60 км/сааттан ашыра, бирок 80 км/сааттан кем эмес айдаса, аны 5 миң сомго (73$) айыпка жыгышат жана айдоочулук күбөлүгүнөн үч айга ажыратышат.

 

80 км/сааттан ашыра айдагандар үчүн 8 миң сом (117$) жана транспорт кражатын айдоо укугунан алты айга ажыратуу каралууда.

Азыр бузулган унааны айдап жүргөндөргө 500 сом айып салынса, ИИМ муну 2 миңге чейин көтөргөнү жатат.

дтп_кг.jpg

Коопсуздук курун тагынбаган айдоочу же коргоо баш кийимин кийбеген моточон азыркыдай 300 сом (4$) эмес, 500 сом айыпка жыгылат.

Жол чырактын кызыл жарыгынан өтүү үчүн айып 1000 сомдон 2000 сомго көтөрүлөт.

Оозуп өтүү же маневр эрежелерин бузгандар үчүн айып 2000 сом (мурда 1000 эле) болуп калат. Каршы тилкеге чыга калганды сүйгөндөр болсо азыркы 1000 сомдун ордуна 5000 сом төлөп калат. Жөө жүргүнчүлөр жана велосипед үчүн жолдон айдагандар эми 100о сом эмес, 2000 сом төлөп калат.

Мас абалында унаа башкарууга айып үч эсеге – 10 миң сомдон (147$) 30 миң сомго (441$) көтөрүлөт. Буга кошо айдоочулук укугунан 2 жылга ажыратышат. Адам өмүрүнө коркунуч алып келүүчү авариялык абалды жараткан мас айдоочу 50 миң сом (735$) айып пул төлөп, унаа башкаруу укугунан 3 жылга ажыратылат.

Жол эрежесин үч жолу бузгандарды автомектепке жиберишет

Бир жыл ичинде жол эрежесин үч жана андан көп жолу бузгандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратышат. Мындан сырткары автомектепке кайра окууга жиберишет. ИИМ муну укуктан ажыратуу эмес, укукту убактылуу токтотуп туруу деп айтууда, анткени айдоочу автомектепте сынактан өтсө, күбөлүктү кайтарып беришет.

права_кг.jpg

Жол инспекторлоруна документти көрсөтүүдөн баш тарткандарга айып пул

Күбөлүктү көрсөтүүдөн баш тарткандарга 1500 сом айып бар. Бул экинчи ирет кайталанса, айып 3000 миң сомго чейин өсүп, жарым жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.

Жолдогу кайырчыларга да айып пул сала башташат

Өзгөртүүлөргө ылайык, жолго чыгып, транспорт кыймылына тоскоолдук жараткан кайырчылар 1000 сом айып төлөп калышы мүмкүн.

Кайталап эреже бузуу үчүн жаза

Жыл ичинде айдоочу бир жолу ылдамдыкты ашырып, экинчисинде кызыл жарыктан өтүп, үчүнчүсүндө – “Тез жардамга” жол бошотпосо, төртүнчү эреже бузууда 8000 сом айып төлөйт.

казна_кг.jpg

Жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу – азыр Кыргызстан өкмөтүнүн эң приоритеттүү милдеттеринин бири. Сапар Исаков премьер болгондо эң биринчи кеңешмесинде вице-премьер Темир Жумакадыровго тапшырма берген. Бирок тагдыр тамашасы менен Жумакадыров бир нече айдан кийин жол кырсыгынан көз жумду.

Жыл башында өкмөт жолдогу эреже бузууларды каттап турчу камераларды орнотуу боюнча «Хуавей» кытай компаниясы менен келишим түздү. Муну менен бийлик жол кырсык кесепетиндеги өлүм санын азайтууну көздөп жатат.

Ушул жылдын 25-январында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков адам өлүмүнө себепчи болгон айдоочуларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөргө кол койгон. Эми алар 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарынын күнөөкөрү автобус же маршрут айдоочулары болсо, аларды иштен айдоо чечимин КР өкмөтү жакында эле кабыл алды. Үчтөн ашык адам жаракат алса да, алар кызматынан кол жууйт. Бул тууралуу токтом өкмөт сайтына чыгарылган. Жаңы эрежелер 7-марттан күчүнө кирет. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын саны боюнча Кыргызстан азырынча экинчи орунда. Казакстан биринчиде.

Материалда иллюстративдик сүрөттөр колдонулду

 Башкы сүрөт: “Спутник Кыргызстан”/ Табылды Кадырбеков

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar