Кыргызстандык 3 спортчу жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алышты

Бугун, 22-майда Бишкекте  жиу-житсу боюнча дуйнөлүк чемпионатта  алтын уткан спортчуларды Бишкекке келет. Аларды спорт күйөрмандары менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Эрем клубунун машыктыруучусу Шайлообек Атазов билдирди. 

Анын айтымында, мелдеш 17-18-майда  Чехиянын борборунда өтүп, ага 30 дан ашуун мамлекеттен 1000 дей балбан катышкан.

Алардыгн арасынан Кыргызстандан барган  Эржигит Эраалы уулу,  Нурбек Азамат уулу жана Эраалы Аскаралиев 1-орунду алып, алтын медаль алды.

“Биздин балдар мыкты даярдык менен барып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Алардын ийгилиги али алдыда,”-деди ал.

Мындай жыйынтык менен Кыргызстан алгачкы жолу мыкты 10 мамлекеттин катарына кошулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген