Кыргызстандык 18 айдоочу тамак-ашы, унааларынын күйүүчү майы жок Ирандын чек арасында кармалып турат

Иран менен Азербайджандын чек арасында коронавирус илдетине байланыштуу 18 кыргызстандык айдоочу кармалып турат. Анда турган айдоочулар КРнын Тышкы иштер министрлигине видео кайрылуу жасап, маселени тезирээк чечип берүүсүн суранышкан.

Айдоочулардын билдиришинче, алардын учурда тамак-ашка дагы, унааларынын дизелдик отунуна дагы акчалары калган эмес.

Бул боюнча КРнын ТИМнин орун басары Нурлан Абдрахманов Ирандын чек арасында 54 кыргызстандык бар экендигин билдирди.

“Бизге аталган маалымат келип түшкөн убактан тартып, Кыргызстандын Тегерандагы, Ашхабаддагы жана Бакудагы элчиликтери менен байланышып, чек арадагы абалды көзөмөлгө алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 2-4-март күндөрү аталган шаардын дипломатиялык миссия кызматкерлери КРнын ТИМне чакырылды. Аларга кармалып турган айдоочулардын маселесин чечип, КРга кайтып келүүсүнө шарт түзүп бергиле деп кайрылдык”,- деди Нурлан Абдрахманов.

Абдрахманов учурда жогоруда аталган өлкөлөрдүн тиешелүү кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген