Өзбекстан кыргызстандык айдоочуларга эскертүү берди

Өзбекстан атайын токтом кабыл алып, чет элден убактылуу же транзит менен кирген жана терезелери караңгылатылган жеңил автоунаа ээлери 15 доллар өлчөмүндө акы төлөнө турганын жарыя кылды. Бул албетте Кыргызстандын автоунаа ээлерине да тиешелүү.

Бул маалыматты тараткан Кыргызстандын чегара кызматынын маалымат кызматы, төлөмдөр Өзбекстандын суму менен төлөнө турганын кошумчалайт.

Демек, айдоочулар ал жакка киргенде кошуна өлкөнүн мыйзамдарына баш ийиш керек болот. Өзбекстанда өлкө башчысы алмашкандан бери кошуна мамлекеттер менен болгон алаканы жакшыртып келатат. Мурда Кыргызстан менен болгон бардык чегараларын да 10 жылдай жаап келип, Шавкат Мирзиёев президенттикке келген 2016-жылдан кийин чегаралар ачылып, элдин каттоосу жанданган.

Кыргызстандын чегара кызматынын маалыматы боюнча 2017-жылдан күз айларында бир эле “Достук” өткөрмө бекети аркылуу бир сутка эки тарапка 2,5 миңдей адам өтүп турган. Демек, эки мамлекеттин автоунаалары да бири-бирине кирип чыгуусу жүздөп саналат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген