Кыргызстандан Тажикстанга кургатылган тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткен районунун Ганжак аймагында чек арадан аткезчилик жол менен ташылып бараткан жүк токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, чек арачылардын токтотуу талабына карабастан, КИА үлгүсүндөгү портердин айдоочусу чек арага карай жолун уланта берген.

Чек арачы асманга эскертүүчү ок чыгарууга аргасыз болгон. Айдоочу жолун токтоткон.

Кармалган 31 жаштагы О.Т.у. Кыргызстандан Тажикстанга 1,5 миң килограмм кургатылган тамекини алып кетүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.