Кыргызстандан “Оскар” сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү

Кыргызстандын Оскар комитети Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган “Шамбала” тасмасын Американын Кинематография искусство жана илимдер академиясынын (AMPAS) Оскар сыйлыгына көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Оскар комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүрөт “Эң мыкты чет элдик көркөм тасма” номинациясында көрсөтүлөт.

“Шамбала” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Ак пароход” повестинин негизинде тартылган.

2020 -жылы анын дүйнөлүк премьерасы Шанхай эл аралык фестивалында өткөн.

Ушул жылдын 25 -апрелинде тасма Балтика, Грузия жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мыкты тасмасы үчүн Ника сыйлыгын алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.