Кыргызстандан Казакстанга 50 килограмм күмүш экспорттоо аракетине бөгөт коюлду

Казакстандын чек арачылары 3 миллион сомдон ашык күмүш аткезчилигин токтотту. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын сайтында маалымдалды.

Анда белгилүү болгондой, жүк 21-августта “Ак-Тилек” автоунаа өткөрүү пунктунан табылган. Мерседес-Бенцтин салонун текшергенде чек арачылар креслонун астына жашырылган, полиэтилен баштыктарга оролгон күмүш буюмдарды табышкан. Брикеттердин жалпы салмагы 50 кг 516 граммды түзгөн.

Продукциянын болжолдуу сметалык баасы 3 миллион 169 миң сом экенин кошумчалайбыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.