Кыргызстандан катализаторлорду жана баалуу металлдардын калдыктарын алып чыгууга тыюу салынды

Кыргызстандан башка өлкөлөргө колдонулган катализаторлорду, шлактарды, күлдү жана катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бул убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардын абага булгануусун азайтуу менен адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана -чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган.

Бажы жана чек ара кызматтарына бул товарларды мыйзамсыз экспорттоону ооздуктоого багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.