Кыргызстандан бир апта ичинде 16,5 миң тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспорттолду

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин бөлүмүнүн кызматкерлери 17 -сентябрдан 23 -сентябрга чейин экспорттоого арналган 16 431 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

Маалымат боюнча, өткөн аптага салыштырмалуу айыл чарба продукциясы Кыргызстандан 2 миң 592 тоннага көп экспорттолгон.

Белгиленгендей, карантиндик фитосанитардык көзөмөл учурунда товарлар текшерилип, экспорттолуучу продукциянын үлгүлөрү алынган, тышкы экономикалык иштин катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттары жана сактоо эрежелеринин сакталышы менен таанышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.